Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту

Бүгүн, 19-майда Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолушууда аймактык коопсуздук, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ЖККУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө азыркы дүйнө терроризм, экстремизм, кибер коркунучтар жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи. Ал бул факторлордун бардыгы биздин өлкөлөрдөгү туруктуулукка басым көрсөтүп жатканын жана күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кыларын ырастады.

Президент мамлекеттер аралык аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууда жана колдоодо парламенттердин маанилүү ролун белгиледи.

«Парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында саясий диалогду чыңдоого, экономиканы өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди активдүү өнүктүрүү маанилүү деп эсептейбиз», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстан төрагалык кылуучу тарап катары уюмду чыңдоо, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда анын беделин жогорулатуу, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин эгемендүү кызыкчылыктарын жана өздөрүнүн өнүгүү моделине болгон укуктарын урматтоо багытын бекем карманарын билдирген.

Өз кезегинде ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы Вячеслав Володин Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын уюмдун алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалаган.

Ал эми ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз сөзүндө Кыргызстандын Уюмдагы төрагалыгынын алкагында Катчылык тарабынан жасалган иштерге кыскача токтолуп, бардык органдардын координацияланган иши тынчтыкты, коопсуздукту жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүн чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирген.

Exit mobile version