Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровду Астанага кимдер коштоп кетти? Фамилиялары

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына учуп кетти, деп билдирди лк башчынын басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Борбор Азия + Россия» мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Бул жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар 2022-жылдын 12-14-октябрында өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;

– Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы Туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;

— Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова;

— Башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов;

— Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version