Садыр Жапаровдун өкүлү Аспеков менен Жунусбековдун үстүнөн ИИМге арызданды

Садыр Жапаровдун өкүлү  Аспеков менен Жунусбековдун үстүнөн ИИМге арызданды

Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ички иштер министрлигине Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн арыз менен кайрылды. Бул маалыматты “Репортерго” ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин, Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго чара көрүү өтүнүчү менен кайрылып, анын арызы катталып, териштирүү башталган. 

Чүй ОИИБине Мелис Аспековго, Талас ОИИБине Төрөхан Жунусбековго карата териштирүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Ал эми бул ишти ИИМдин Тергөө кызматы көзөмөлүнө алган. 

Белгилей кетсек, буга чейин Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбеков Жапаровдун штабына тиешеси жоктугуна карабай анын атын, колдонуп үгүт ишин жүргүзүп жатканын айтып талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү БШК жана ИИМге кайрылганы айтылган болчу.   

[su_image_carousel source=»media: 52885″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>