Садыр Жапаровдун өкмөтү — ТИЗМЕ

Садыр Жапаровдун өкмөтү — ТИЗМЕ

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйын өтүүдө. Анда Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып, парламент өкмөттүн курамы жана программасы менен таанышты. Анда жыйынга келген депуттар бир добуштан Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин колдоп беришти.

ЖК жыйынында Садыр Жапаров депуттарды өкмөттүн курамы менен тааныштырып, 15-20 пайыз гана өзгөрүү болгонун айтып, тизмесин жарыялады.

Вице-премьер-министрлер:

Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;

Вице-премьер-министр — Равшан Сабиров;

Вице-премьер-министр —  Максат Мамытканов;

Вице-премьер-министр — Аида Исмаилова.

Өкмөттүк аппаратка жетекчиси-министр министри — Бактыбек Аманбаев;

Финансы министри — Кыялбек Мукашев

Транспорт жана жол министри — Бакыт Бердалиев.

Юстиция министри — Марат Жаманкулов

 Тышкы иштер министри — Руслан Казакпаев;

ИИМ — Улан Ниязбеков;

ӨКМ — Бообек Ажыкеев;

 Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев

 Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;

Маданият, маалымат жана туризм министри — Нуржигит Кадырбеков;

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчиси-   Жыргалбек Сагынбаев;  

Шайлоодон кийинки башаламандыктан кийин митингчилер Ак Үйдү басып алып, ЖКнын кезексиз жыйыны 6-октябрда “Достук”  мейманканасында өткөн. Ал жерде спикерликтен арызын жазып кеткен Дастан Жумабековдун ордуна Мыктыбек Абдылдаев, премьерликтен кетүү тууралуу арыз берген өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун ордуна Садыр Жапаров дайындалган.

Кийин бул чечимди айрым депуттар кворум жок деп тааныбай тургандыгын жарыялаган соң Мыктыбек Абдылдаев төрагалыктан баш тарткан. Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болуусу да мыйзамсыз экендиги айтылган.

10-октябрда да Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, Садыр Жапаров экинчи жолу өкмөт башчылыкка бекитилигени айтылып, бирок ал жерде кворум болбогондугун билдирген депуттар өкмөттү легитимдештирүү керек деп Жапаровду өкмөт башчылыкка кайра дайындоо үчүн бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>