Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровдун 24 жаштагы баласы үйлөндү

28-мартта Садыр Жапаровдун баласы Ренаттын үлпөт тою өтүп жатат. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео таркады.

Маалыматка ылайык, жаштарга арналган чакан той өтөт. Ренат 24 жашта, баш кошуп жаткан кыздын аты Аяна, ал 21 жашта.

Билдирүүгө таянсак, Жапаровдун келини Улуттук университеттин Кытай тили факультетинде 3-курста окуйт.

Exit mobile version