Садыр Жапаровдун адвокаты «Бүтүн Кыргызстан” менен шайлоого барат

Садыр Жапаровдун адвокаты «Бүтүн Кыргызстан” менен шайлоого барат

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы менен шайлоого аттанат. Бул тууралуу жактоочу өзү видео кайрылуу жарыялады.

Жактоочунун мындай чечим кабыл алышына “Мекенчил” партиясынан өз ордун таба албагандыгы себеп болгон.

“Бүгүнкү күндө “Мекенчил” саясий партиясы “Садыр Жапаровду абактан чыгаруу үчүн парламентке аттандык” деп жатышат. Мен алардан сурасам “сүйлөшүү жолу менен чыгарабыз дешти”. Мен андай болбой тургандыгын айтып, парламентке барып мыйзамдуу жол менен чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин эскерттим. “Мекенчил” партиясынын катарынан ордумду таба албай Адахан Мадумаров менен сүйлөшүп, аларга кошулдум. Парламенттик шайлоого “Бүтүн кыргызстан” партиясы менен барам.  Талапкер катары 5-катардан 15-катарга чейинки тизмеге кирем”, – деди Токтосунов.

Буга чейин “Ата Журт” партиясынын лидери  Камчыбек Ташиев бул жолу өзү жетектеген партия менен  шайлоого катышпай, “Мекенчил” партиясын  жетектеп, саясий жарышка түшөрүн жарыялаган.

сүрөт: azattyk

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>