Садыр Жапаровдун эжесине карата сот өкүмү жокко чыгарылды

Садыр Жапаровдун эжесине карата сот өкүмү жокко чыгарылды

25-январда Жогорку Соттун Соттук Коллегиясы президент Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага карата сот өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, бул чечим аны издөөнү жана экстрадициялоону жокко чыгарат.

Белгилей кетсек, Райкүл Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунан сыртынан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин «Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>