Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровдун карындашы президенттик администрацияда иштөөдө

Президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарова президенттин администрациясында иштөөдө. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык баракчасында билдирди.

Буга чейин Темиров негиздеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы Перизат Жапарова президенттин администрациясында иштеп жатканы тууралуу чакан иликтөө чыгарган.

«Садыр Жапаровдун карындашы (агасы Сабыр Жапаровдун кызы – ред.) бир жылдан бери президенттин администрациясында иштеп жатканы ырасталды. Болжол менен ал санариптик өнүгүү боюнча бөлүм башчынын орун басары кызматында иштейт», — деп жазды ал.

Маалыматты тактоо үчүн президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевге байланышууга мүмкүн болгон жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version