Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 2-3-ноябрда Казакстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Астана шаарында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактардагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүштү.

Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онунчу юбилейлик саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө түрк кызматташтыгын өнүктүрүүнүн максаттары жана приоритеттери жалпысынан Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка шайкеш келерин эске алуу менен, Кыргызстан уюмдун алкагында көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Президент түрк өлкөлөрүнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу жана туруктуу өнүгүүгө багыт алуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү маанилүү деп эсептейт.

ТМУга катышуучу-өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинин юбилейлик отурумунун жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

Андан соң иш-чаранын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйлоо аземи болду.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version