Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровдун кеңешчиси Рамзан Кадыровго белек берди — видео

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Рамзан Кадыровго белек берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

“Дайыма жылуу жана чын пейилинен кабыл алганы үчүн урматтуу жана кадырлуу досубуз, Орусиянын баатыры, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго ыраазычылык билдирем. Жакын арада сизди Кыргызстандан көрөбүз деп киет кылам”, — деген Кыдырмышев.

Чечен басылмаларынын билдирүүсүндө, мамлекеттер арасында, спорт жаатында жана кайрымдуулук иштери боюнча сүйлөшүүлөр орун алган. Кыдырмышев Кадыровго кыргыз кол өнөрчүлөрү жасаган ат жабдууларын белек кылган.

Буга чейин «Кулатуу эртаймаш» уюмунун жетекчиси Руслан Кыдырмышев президентке кеңешчи болгону кабарланган.

Exit mobile version