Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровдун мурдагы үйү сатыкка коюлду

Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаровдун мурда жашап келген үйүн сатыкка койду.

Компаниянын расмий сайтында маалымдалгандай, аталган эки кабаттуу турак-жай Бишкек шаарынын Кудайбергенов көчөсү, 81а дарегинде жайгашкан. Сатуу 24-декабрда саат 11:00дө өтөт. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер — Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228.

“Мамлекеттик ипотекалык компания президент белек кылган үйдү сатыкка койду. Түшкөн акча-каражатка даяр батирлер сатып алынат. Батирлер «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмасынын катышуучуларына «кийин сатып алуу» механизми боюнча ижарага берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Турак-жайдын баштапкы баасы 33 млн 700 миң сом.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров мурда өзү жашап келген эки кабаттуу үйдү кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Аида Төлөгөновага тапшырган. Ал «Менин үйүм 2021-2026» жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында «МИК» ААКсына муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого жардам берүүнү каалай турганын билдирди.

Exit mobile version