Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапары менен бара турган күнү белгилүү болду

Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапары менен бара турган күнү белгилүү болду

24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, лидерлер кызматташуунун келечегин жана интеграция маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«24-февралда Москвада иш сапардын алкагында, Путин менен Жапаровдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Эки тарап саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө орус-кыргыз кызматташтыгынын абалын жана андан аркы өнүгүү келечегин кароо, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат», — деп айтылат билдирүүдө.

15-февралда президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өткөнү маалым болгон.

Андан кийин Жапаровдун “Союздук байланыштар” деген макаласы жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>