Садыр Жапаровдун сүрөтү бар баннерди илген адамдын жоопкерчилиги каралат

Садыр Жапаровдун сүрөтү бар баннерди илген адамдын жоопкерчилиги каралат

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү бар баннерди илген адамдын жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Өзгөн районунун Кароол айылында Садыр Жапаровдун сүрөтү бар баннер илингени боюнча социалдык тармакка видео тараган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен банер шиттен алынып салынган. Укук коргоо органдары аны илген 63 жаштагы адамдын өздүгүн аныкташкан.

Бүгүн, 20-ноябрда аймактык шайлоо комиссиясы ал жарандын жоопкерчилигин бузуулар жөнүндө кодекске ылайык карайт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда башталат.

Ага чейин үгүт иштерин жүргүзгөндөр мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>