Президент Садыр Жапаровдун «Саясатта 10 жыл» аттуу китеби түрк тилине которулду. Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.
Китепте Садыр Жапаровдун саясаттагы күндөрү баяндалат.
Китеп Түркиянын китеп дүкөндөрүндө сатылууда. 120 беттен турган китепти түрк тилине Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти Мехмет Улуташ которгон.