Садыр Жапаровдун тарапташтары жаштарды өкмөт үйүнө киргизбей жатат – видео

Садыр Жапаровдун тарапташтары жаштарды өкмөт үйүнө киргизбей жатат – видео

Люстрацияны жана жаңыланууну талап кылып митингге чыккан жаштарды Садыр Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнө киргизбей жатат.

Учурда эки тараптын ортосунда келип чыккан тирешүү чыңалуу абалында турат. Ала-Тоо аянтынан келген митингчилер Тилек Токтогазиевди убактылуу премьер-министрликке сунуштап, өкмөт үйүнө кирип аны кызматка бекитүү үчүн аракет кылышууда.

Белгилей кетсек, 6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрү чогулуп Координациялык кеңеш түзүшкөн.

Ушул эле күнү кечке маал “Достук” мейманканасында парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун дайындалганы айтылган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>