Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровдун уулу аскерге кетти

Президент Садыр Жапаровдун уулу Азат Жапаров аскерге жиберилди. Бул тууралуу журналист Тынчтык Алтымышев жазды.

“Жапаров менен Ташиевдер жоокерлик салтты катуу кармайт окшойт. Мурда балдарын аскерге айдашканын уккам. Азыр да Азат Жапаров деген 01дин уулу аскерге жиберилиптир. Бийликтегилердин ошентип аскерлердин, армиянын жашоосун жакындан билгендери албетте жакшы”, — деп билдирүү калтырган Алтымышев.

Exit mobile version