Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Жапаров 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапештке барган.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулаган.

Ошондой эле Жапаров ардактуу конок катары чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышкан.

Президенттин Венгрияга болгон иш сапары аяктап, 21-августта Бишкекке кайтып келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version