Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДП Боршайкомдун каттоосунан өткөн жок

Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДП Боршайкомдун каттоосунан өткөн жок

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата Сагынбек Абдрахманов жетектеген “Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» өкүлдөрүн каттоодон баш тартты. Бул тууралуу  “Репортерго” БШКнын төрайымынын орун басары  Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, аталган партияны катоодон баш тартууга Алмазбек Атамбаев лидер делген КСДП менен болгон соттук териштирүү себеп болгон.

“Эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан Абдрахманов жетектеген  партия өкүлдөрүн каттабай туруу чечимин кабыл алдык. Катоо аяктагыча дагы убакыт бар, калганы соттук чечимге карап билинет”, – деди Бекматов.

Белгилей кестек, 2019-жылдын апрель айында Юстиция министрлиги КСДПнын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган. Муну Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган КСДП мрейдерлик деп атап, эки тарап соттошуп келет.

Күзүндө өтө турган  парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 44 саясий партия БШК өздөрүнүн документтерин жиберген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>