Site icon Reporter.kg

Сахар менен өсүмдүк майын импорттогондор салыктан бошотулду

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, өлкөгө импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү кеңешмесинде белгилүү болду.

«Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген», — деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде 14 маселе каралды.

Exit mobile version