Саймаитини атып кеткен учур камерага түшүп калган — видео

Саймаитини атып кеткен учур камерага түшүп калган — видео

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини атып кеткен учурдун видеосу түрк басылмалары тарабынан интернетке жарыяланды.

Тасма Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманкананын камерасына түшүп калган.

Видео тасмада кылмышкерлер, Саймаитини аңдып, ал отурган мейманкананын алдына кара түстөгү унаа менен келгенин көрүүгө болот.

Ал эми, кылмышкерлер Саймаити эки адам менен бирге мейманкананын короосунда отурган убакта атканы тасмага түшүп калган. Тасмада көрүнүп тургандай, кылмышкер үч адамга 4-5 метрге чейин басып келип тапанчадан ок чыгарган да, артын карай качкан. Ок жеген Саймаити дароо столго чалкалаган бойдон эсин жоготконт.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү атып кетишкен.

12-октябрда аны өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалган. Түкиялык басылмалар кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экендигин жазып чыккан.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү “Range Rover” үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды. 14-ноябрда экс-консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн тузүлгөн  мекемелер аралык жумушчу топ Стамбулга учуп кеткен.

12-ноябрда Азаттык радиосу » “OCCRP” жана “Клооп» менен биргеликте жасаган иликтөөсүн жарыялады. Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Иликтөөдөгү окурмандарды таң калтырган ачылыш — «Азаттыкка» бардык маалматты Айэркен Саймаити өзү берип жүргөнү болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>