Саймаитинин өлүмүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү — тизме

Саймаитинин өлүмүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү — тизме

Кытай мамлекетинин жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн Жогорку Кеңешитин депутаттары тарабынан убактылуу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, түзүлгөн комиссиянын курамына ар бир фракциядан депуттар кирди:

КСДП фракциясынан Ө.Бакиров, С.Жураев, А.Карашев, И.Матраимов;

“Республика – Ата Журт” фракциясынан М.Жээнчороев, З.Шарапов, Т.Мамытов;

«Кыргызстан» фракциясынан Д.Төлөнов, А.Эргешов;

“Өнүгүү” фракциясынан Т.Шайназаров;

“Бир Бол” фракциясынан А.Суйлайманов;

“Ата Мекен” фракциясынан А.Шыкмаматов.

Эске салсак, бүгүн, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда атып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча кандайдыр бир саясий оюндар башталганын айтып, ага байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушун киргизген. Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдогон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>