Site icon Reporter.kg

Сак болуңуздар! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 31-декабрында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик айдоочуларга этият болууну жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Exit mobile version