Site icon Reporter.kg

Саламаттык сактоо министри Абдикаримовдун анализи таза чыкты

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна 2 жолу анализ берди, натыйжасы — терс. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде штабдан билдиришти.

«Ал министр кызматына дайындалганга чейин Жалал-Абад облусу боюнча координатор болгон. Кырдаалга жараша анын 14 күн карантинде болуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, ошондуктан министр кызматына киришкен. Жакында биз да анализ бердик, вируска карата терс натыйжа чыкты«, — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Exit mobile version