Саламаттык сактоо министри жарандарды өзүн-өзү дарылабоого чакырды

Саламаттык сактоо министри жарандарды өзүн-өзү дарылабоого чакырды

Жарандар санитардык эрежелерди сактабай жатышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 22-июнда брифингде билдирди.

Министр жарандарды өзүн-өзү дарылабоого жана санитардык талаптарды сактоого чакырды.

“Тилекке каршы, биздин жарандар санитардык эрежелерди сактабай жатышат. Тойлорду өткөрүп, коноко барышууда. Мамлекеттик органда иштегендер жумуштан илдет жуктуруп алып, үйлөрүнө келгенде үй-бүлөсүнө, жакындарына жугууда. Бул жеке гигиенаны сактабагандыктан, беткап кийбегендиктен болууда. Көп адамдар үйлөрүндө өзүн-өзү дарылашып, илдеттин коркунучун сезбей жатышат”, — деп белгиледи министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>