Site icon Reporter.kg

Саламаттык сактоо министрине сөгүш берилди

Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, министрге сөгүш жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн берилген.

Эске салсак, бүгүн, 8-майда өлкө башчы Республикалык диагностикалык борборго барып, анын абалынын начардыгына нараазчылыгын билдирген. Ал , Эркин Чечейбаевди шалаакылыгы жана жоопкерчиликсиздиги үчүн кескин сынга алып, ага аталган борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берген.

Саламаттыкты сактоо министрине Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берилди

Exit mobile version