Site icon Reporter.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары алмашты

Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн, 30-сентябрда Байдавлетов министрликтин эмгек жамаатына тааныштырылды.

Байдавлетов Айжамал Шамбетованын ордуна орун басар болуп келди. Шамбетова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу азыр жазган.

Exit mobile version