Site icon Reporter.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматтан алынды

Саламаттык сактоо министринин орун басары — өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун Өкмөттөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, Исаков ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ал ушул жылдын 29-январында саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.

Exit mobile version