Site icon Reporter.kg

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан өлгөндөрдүн статистикасын кайрадан эсептеп чыкты

Саламаттык сактоо министрлиги жаңы типтеги коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайрадан карап чыкты. Бул тууралуу брифингде министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

2020-жылдын 18-августуна карата өлкөдө жаңы типтеги коронавирус илдетинен 1053 өлүм катталды. Буга чейин каза болгондордун статистикасы COVID-19 U07.1 үчүн ПЦР-изилдөөсүнүн оң жыйынтыгынын негизинде жана COVID-19 U07.2 үчүн пневмониянын белгилери менен жүргүзүлгөн, бул каза болгондордун санын бурмалоого алып келди.

Ушуга байланыштуу COVID-19 коронавирус инфекциясы менен каза болгондордун себебин изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп чыгып, 2019-2020-жылдардын 7 айындагы өлүмдөрдүн ыкчам талдоосун колдонуп, ошондой эле COVID-19 ырастоо жана коддоо боюнча эл аралык методикалык сунуштардын негизинде каза болгондордун себептери төмөндөгүдөй тыянакка келди, каза болгондордун 437 учурунун (29%) негизги себеби COVID-19 болгон эмес. 437 учурдун арасынан 358 учурдун (82%) себеби жүрөктүн коронардык оорусу болгон, 24 учурдуку (5,6%) – курч миокард, 13 учурдуку (3,1%) – мээдеги кан айлануунун курч бузулуусу, 10 учурдуку (2,5%) – бөйрөктүн курч жетишсиздиги, 32 учурдуку (6,8%) – башка себептер (суициддер, онко оорулар жана башка).

Бул чаралар Улуу Британия жана Испания тарабынан кабыл алынган, статистика тиешелүүлүгүнө жараша 5359 жана 2000 учур болуп кыскартылганы белгиленген. Мындан улам, бүгүнкү күнгө карата өлүм учурларынын саны 1 053 учурду түзүп, өлүмдүүлүк көрсөткүчү – 2,4%, 1 млн калкка өлүмдүүлүк көрсөткүчү – 162 учурду түздү.

Статистика кайра каралгандыктан, 7 айдын жыйынтыгы боюнча ашыкча өлүм учуру катталганы байкалган эмес, 2019-жылдын 7 айында жалпы 19346 учур (же 100 миң калкка 301,3 учур) катталса, 2020-жылдын 7 айында 18799 өлүм катталган (же 100 миң калкка 287 учур).

Exit mobile version