Саламаттык сактоо министрлиги: Оорунун азайышы беткап кийбөөгө негиз эмес

Саламаттык сактоо министрлиги: Оорунун азайышы беткап кийбөөгө негиз эмес

Коронавирустун азайышы беткапты тагынбай же аралыкты сактабай койгула деген эмес. Социалдык аралыкты жана беткап тагынуу режимин сактагыла». Мындай билдирүүнү бүгүн, 20-авгутта Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.

«Дүйнө жүзүндөгү практика жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамалары боюнча статистиканын төмөндөшү кабатыр болбоо жана санитардык нормаларды сактабай коюу эмес. Баарыңыздарды сөзсүз түрдө социалдык аралыкты жана беткап тагынуу режимин аткарууга чакырам, бул абдан маанилүү»,- деп билдирди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде илдетти 182 адам жуктурду. Ал эми өлүм катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>