Site icon Reporter.kg

Саламаттык сактоо министрлиги: Үч маалымкат алуу автоматташтырылат

Саламаттык сактоо министрлиги үч маалымкат алууну автоматташтырууну каалайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, 2021-жылы санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн фундаменталдык негиздер түптөлгөн.

«Санариптик ден соолук профили иштелип чыкты, анда бейтаптын ден соолугу жөнүндө негизги маалыматтарды чогултуу: камсыздандыруу абалы, клиникага же ооруканага жаткыруу себептери, лабораториялык натыйжалар жана башкалар. Анын жардамы менен психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерде каттоого турууга жарамсыздык баракчаларын алууну автоматташтыра алдык. 2021-жылы жалпысынан 90 миңге жакын ушундай маалыммкат берилген», — деди ал.

Exit mobile version