Министрлик: Дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезгендер үйдөн чыкпай дарыгерге дароо кайрылгыла

Министрлик: Дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезгендер үйдөн чыкпай дарыгерге дароо кайрылгыла

Бүгүн, 19-мартта коронавирус боюнча Кыргызстандагы абал тууралуу брифингде салматтыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жасалма дем алдыруу аппараттары жетиштүү экенин билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, коронавируска чалдыккан бейтаптарда оор дем алуу жана кургак жөтөл байкалат. Ал эми ар бир потенциалдык оорулуудан эки жолу анализ алынат: алгач өлкөнүн аймагына киргенде жана карантинден чыкканда.

«Өзүӊүздү начар сезип турсаӊыз, үйдөн чыкпай туруп медиктерге кайрылуу зарыл.Тез жардам кызматы чакыруу боюнча жерине барып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтөт. Негизгиси, кооптонуунун кажети жок. Эгерде оорунун белгилери бар болсо, биз берген сунуштамаларды так аткаруу зарыл», — деп билдирди Чолпонбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>