Салянованын инисин өлтүргөндөр 15 жана 18 жылга абакка кесилди

Салянованын инисин өлтүргөндөр 15 жана 18 жылга абакка кесилди

Биринчи май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисин өлтүргөн шектүүлөрдү күнөөлү деп таап аларды эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Райондук соттун судьясы чыгарган чечимге ылайык,  кылмышка шектүү Эрмек Осмонкулов 18 жылга, шериги Асанэмир Абыкулов 15 жылга абакка кесилди.

Белгилей кетсек, 42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен.​

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>