«Салык чек» лотереясынын 21 катышуучусунун утушу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Алар өздөрү иштеген уюмдун контролдук-кассалык чектерин сканерден өткөргөндүгүнө байланыштуу, утуштары жокко чыгарылды.
Эскерте кетсек, “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөрүлүп, жыйынтыгында 1244 баалуу байгенин, анын ичинде 10 батирдин, 11 электромобилдин жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.
2023-жылдын 25-30-декабрында өткөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча 1244 баалуу байгенин жеңүүчүлөрү аныкталган.