Site icon Reporter.kg

Ишеничтен кеткен салык кызматкери иштен алынды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык органынын инспектору ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Салык кызматынын буйругунун негизинде Свердлов райондук салык органынын инспектору ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулган.

Аны кызматтан бошотууга «Спекулянт» ЖЧКнын жетекчилерине карата кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкаганда кармалышы негиз болгон.

Exit mobile version