Site icon Reporter.kg

Салык кызматы 6 айда 23,8 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы январь-июнь айларында 23 млрд 828,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, план 2,5%га же 588,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 979,1 млн сомго көп чогултулду.

 

Exit mobile version