Site icon Reporter.kg

Салык кызматы 7 айда 135,7 млрд сом чогултту

Быйыл 7 айда Мамлекеттик салык кызматы 135,7 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалым болгондой, белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыкча аткарылган. Ал эми 2022-жылдын 7 айына салыштырмалуу 21,9 млрд сомго көп.

Чогултулган акчанын 99 млрд 167,8 млн сому салык жана төлөмдөр, ал эми 36 млрд 560,8 млн сому камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.

«Белгилей кетсек, контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга оң таасирин тийгизүүдө», — деп билдирет Салык кызматы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version