Site icon Reporter.kg

Салык кызматы 9 айда 178,6 млрд сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы быйыл 9 айда 178 млрд 654,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. Ал эми 2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу 30,5 млрд сомго көп чогултулган.

Жыйналган акчанын 132 млрд 54,2 млн сому салык жана төлөмдөр, 46 млрд 600 млн сому камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version