Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 90 миң таңгакчадагы ORBIT контрафакттык сагызын жок кылышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Контрафакттык продукция Бишкектеги базарлардын биринен тартылып алынган.
«Жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын, ошондой эле «ORBIT» товардык белгисинин укук ээлеринин катышуусунда өттү. Соттун чечимине ылайык, контрафакттык продукция Бишкек шаарына жакын таштанды төгүүчү жайлардын биринде, атайын меште (инсинератор) өрттөө жолу менен жок кылынды», — деп айтылат маалыматта.