Site icon Reporter.kg

Салык кызматы банктардан жарандар боюнча маалымат алуу шарттарын түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын Салык кызматы банктар кайсы шартта жарандар тууралуу маалыматтарды бере аларын түшүндүрдү:

— Юридикалык жактардын жана ишкерлердин эсептери менен операциялары боюнча маалыматтар салыктык текшерүү учурунда гана суралат;

— Жөнөкөй жарандарга (ишкердиги жоктор) байланышкан маалыматтар соттун чечими менен гана алынат;

— Банктар салык төлөөдөн качууну алдын алуу максатында электрондук акча, QR код, POS терминал жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча маалыматтарды Салык кызматына беришет;

— Эгерде жарандардын жеке операциялары ишкердик ишмердикке тиешеси жок болсо, Салык кызматы аларга көзөмөл жүргүзбөйт.

 

Exit mobile version