Site icon Reporter.kg

Салык кызматы базардын ишкерлерин окутат

Салык кызматы борбор калаадагы базарлардын ишкерлери үчүн окутууларды өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Окутуу иш-чаралары борбор калаанын төмөнкү базарларында өткөрүлөт:

– 24-июнда саат 10:30да — «Аламүдүн» базарында;
– 24-июнда саат 15:00дө — «Мадина» базарында;
– 25-июнда саат 10:00дө — «Азиз» базарында;
– 25-июнда саат 14:00дө — «Кудайберген» базарында;
– 26-июнда саат 10:00дө -«Сары-Өзөн» базарында;
– 26-июнда саат 15:00дө — «Дордой-Дыйкан» базарында;
– 27-июнда саат 10:30да — «Оберон» базарында;
– 28-июнда саат 10:00дө — «Дордой» базарында, анын ичинде «Кербен», «Алкан базары», «Жунхай» жана «Де люкс» базарларында;
– 29-июнда саат 10:30да — «Баткен Комфорт» базарында;
– 29-июнда саат 15:00дө — Ош базарында.

Салыкчылар соодаргерди контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана «Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин» колдонууга үйрөтөт.

Окутуулар Ош жана Жалал-Абад шаарларынын базарларында дагы өтөт.

Exit mobile version