Мамлекеттик салык кызматы январь – февраль айларында 42 млрд салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.
Салык кызматынын маалыматы боюнча, белгиленген план 1 млрд 952 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Ал эми 2023-жылдын январь – февраль айларына салыштырмалуу акча 6,5 млрд сомго көп жыйналган.
Эки айда чогултулган акчанын 30 млрд 796 млн сому салык жана төлөмдөр, 11 млрд 657 млн сому камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.