Site icon Reporter.kg

Салык кызматы “Кылым Шамына” жооп берди

Мамлекеттик салык кызматы социалдык тармактарда жана интернет-басылмаларда жарыяланган «Кылым Шамы» коомдук фондунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын фондду салыктык текшерүү боюнча комментарийине карата төмөнкүлөрдү билдирет.

Ленин району боюнча салык органы «Кылым Шамын» салыктык текшерүүнү салык мыйзамдарына ылайык жүргүздү.

Фонд, ар кандай салык төлөөчү сыяктуу эле, каралган жол-жоболорго жана тартиптерге ылайык жүргүзүлүүчү салык мыйзамдарынын ченемдерин сактоого салыктык текшерүүнүн объекти боло алат.

Коомдук фонддун милдети – грант катары берилген каражаттар контракттын шарттарына ылайык жана долбоорду каржылоого багытталган максаттар үчүн гана, ошондой эле Долбоор боюнча чыгымдардын сметасына ылайык сарпталышын сактоо болуп саналат. Уставга ылайык, киреше алуу Коомдук фонддун негизги максаты эмес.

«Кылым Шамы» коммерциялык эмес уюм (коомдук фонд) катары катталганына карабастан, экономикалык иш жүргүзөт, бул каттоо карточкасы менен тастыкталат. Уюм бирдиктүү салык төлөөчү катары катталган, ошондой эле накталай эмес формада товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу үчүн сатуудан алынуучу салык боюнча отчетторду берет. Мындан тышкары, салык декларациясында товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн киреше, ошондой эле активдерди сатуудан түшкөн киреше көрсөтүлгөн. Ошентип, салыктык текшерүү жүргүзүүгө тиешелүү негиздер бар.

Текшерүүнүн жүрүшүндө уюмдун киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү документтер суралган.

Мындан тышкары, эксперттик кызматтарды көрсөтүү жана тренингдерди өткөрүү боюнча маалыматтарды камтыган документтер талап кылынган. Бул учурда сөз көрсөтүлгөн кызматтар үчүн салыктарды төлөө фактысын тактоо максатында Фондго кызмат көрсөтүүнү ырастаган келишимдер жөнүндө болуп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Кылым шамынын” өкүлдөрү белгилеген жеке мүнөздөгү башка эч кандай маалымат суралган эмес.

Буга байланыштуу Салык кызматы «Кылым Шамы» коомдук фондун катардагы текшерүүдөн саясат жасабоого жана коомчулукту туура эмес маалыматтар менен адаштырбоого чакырат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө салык органдарынын кызматкерлеринин укукка жат аракеттери болгон учурда Салык кызматынын борбордук аппаратынын (0312) 613189 ишеним телефонуна кайрылууну чакырабыз.

«Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Мамлекеттик салык кызматы уюмдун ишмердүүлүгүн кызматташкан адвокаттардын алган акчасына чейин киришип, текшере баштаганын 1-декабрда Фейсбуктагы баракчасына маалымдаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version