Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 1-майына карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ири карызы бар төлөөчүлөрдүн тизмесин жарыялады.
Карыздын жалпы суммасы салыктар боюнча 38 млрд. 584 млн. 807,4 миң сом, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча 1 млрд. 763 млн. 206,6 миң сомду түзгөн.
Анын ичинде Бишкек шаары боюнча салыктык карыз:
- Ленин району — 4 млрд. 833 млн. 428,1 миң сом;
- Биринчи Май району — 6 млрд. 846 млн. 684,7 миң сом;
- Октябрь району — 6 млрд. 272 млн. 767,2 миң сом;
- Свердлов району – 12 млрд. 85 млн. 131,7 миң сом.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз