Салык кызматы партияларды салыктарды убагында төлөөгө чакырды

Салык кызматы партияларды салыктарды убагында төлөөгө чакырды

Мамлекеттик салык кызматы шайлоого катышып жаткан саясий партияларды, аларга кызмат көрсөткөн компанияларды, үгүт иштери менен алектенген адамдарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө чакырды. 

Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү, компанияларды жана башка бир катар адистерди жалдашат. Ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу үчүн массалык маалымат каражаттарын колдонушат. Буга байланыштуу бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер, шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар”, — деп айтылат маалыматта.

Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>