Site icon Reporter.kg

Салык кызматы сынактын жеңүүчүлөрүнө iPhone тапшырды

Мамлекеттик салык кызматы кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциянын үчүнчү этабын жыйынтыктады.

Башкы байгеге коюлган  iPhone 14тү Айпери Абдыракманова утуп алды.

Мындан сырткары, смартфондорду төрт катышуучуга — Айзирек Абдыкалыковага, Айжан Асанбековага, Сезим Кубанычбекова жана Назира Абдалиевага ыйгарылды.

Эскерте кетсек, акция ай сайын өткөрүлүп келген жана катышуучулар өз баракчаларына кассалык чектердин мааниси жөнүндө видеолорду же постторду жайгаштырышы керек болчу.

Exit mobile version