Site icon Reporter.kg

Салык кызматы транспорт жана кыймылсыз мүлк салыгын төлөө качан аяктарын эскертти

Мамлекеттик салык кызматы транспорт жана кыймылсыз мүлк салыгын төлөөнүн мөөнөттөрү аяктары жакындап калгандыгын эскертет.

Анда айтылгандай, 1-сентябрга чейин транспорт салыгы, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир, (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Exit mobile version