Site icon Reporter.kg

Салык кызматы жана “D Billions” балдар үчүн анимациялык тасма даярдашты

Мамлекеттик салык кызматы белгилүү “D Billions” тобу менен биргеликте балдар жана өспүрүмдөр үчүн мультимедиалык анимациялык тасма даярдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анимациялык тасманын негизги максаты — жаш муунга мекенге болгон сүйүүнү, жарандык жоопкерчиликти жана коомдук аң-сезимди жөнөкөй, жеткиликтүү жана кызыктуу формада үйрөтүү.

Мультфильм аркылуу төмөнкү баалуулуктар көрсөтүлөт:

Анимация жандуу музыка, жаркын образдар жана эмгекчил каармандар аркылуу балдардын көңүлүн бурат жана мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө салым кошуу ар бир жарандын колунан келерин көрсөтөт.

Exit mobile version