Site icon Reporter.kg

Салык кызматынан справка алуу үчүн жарандардын чоң кезеги пайда болду — сүрөт, видео

Бүгүн саат 11.00гө карата Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматында справка алуу үчүн чоң кезек жаралды. Бул тууралуу Reporter.kg’нин кабарчысы жеринен билдирди.

Комендатура тарабынан буга чейин берилген өткөрмө кагаздары бүгүн, 11-майдан тарта жокко чыгарылды. Анын үстүнө, жумуш берүүчүлөргө өзүнүн кызматкерлерине унаа уюштуруп берүү сунушталат. Жеке автоунаада себепсиз жүрүү сунушталбай турганын кечээ, 10-майда Республикалык ыкчам-штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендер үчүн – шаар ичинде жылып жүрүүгө ишкананын катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында тастыкталган аныктамасы керек. Мында салык кызматында көп адамдын топтолушун болтурбоого жумуш берүүчү муну тизме боюнча өзү ишке ашырышы туура болот. Бул маселени мэрия менен биргеликте иштеп чыгуу зарыл”, – деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Бийликтин мындай чечимине жарандар нааразычылыктарын айтышууда. Мындай кадам менен коронавирустун жайылышына коркунуч алып келиши мүмкүн дешүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 28100,28101,28099,28097,28096″ crop=»none» autoplay=»4″]

Белгилесек, аталган аныктамалар Бишкек жана Ош шаарларында ишке тартылып, бирок шаардын сыртында жашаган кызматкерлерге керектелет.

Exit mobile version