Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламентте салык кызматынын кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү сунуштап чыкты.
“Салык кызматы 105 млрд сомду чогултуп жатышат. Чындыгында кээ бир ишкерге барат, ар кандай кырдаал болот. Ошол себептен булардын айлыгын көтөрүшүбүз керек. Айлыгын көтөргөндө ишкерлерге барып, ар кандай нерселерди кылбайт да. Айлыгын көтөрүп беришибиз керек”— деди.
Салык кызматынын маалыматы боюнча 2021-жылы 105 млрд сом чогулду. 2700 салык кызматкери бар. Орто айлыгы 12000-15000 сомдон алышат.