Site icon Reporter.kg

Салык кызматынын Ат-Башыдагы башчысы иштен бошотулду

Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын начальниги ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Кызматтан бошотууга УКМК тарабынан 21-июнда жеке ишкерден пара алып жаткан жеринен кармалышы негиз болду.

Exit mobile version